эне тил (mother tongue) - zamanbap lyrics
[zamanbap эне тил]
[intro: begish]
бул чыгарма меники, менин энекемдики
угармандыкы, сеники
[verse 1: begish]
кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым
төрт мезгил мекенимде: күз, кыш, жаз, жайы
дайым элимдин алаканы жайык
жаратканым буюрса берет
баарыбызга нан чайын
мен ишенген адамдар бар алар мага ишенет
бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден
бийик учуп бүркүт сымал алатоонун үстүндө
кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге
[chorus: begish]
бул чыгарма меники, менин энекемдики
угармандыкы, сеники
бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
сөзү менин мекенимдики, сөзү менин энекемдики
бул жашоонуку, сеники
сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники
сөзү кымбат кыргыз элдики
[verse 2: casper]
элимдин жаны менен барабар жерге
илгери ата бабаларыбыз келген
улутум сүйлөсүн деп эне тил берген
урпагы сактасын деп мээнетин арнаган
сөз байлыкты баалаган, күндөр өттү арадан
көп жер кургап, жамгыр төктү
дале кыргыз деген бар адам
эй
жашайт мейкин ааламда, мен да эркин баратам
[chorus: begish]
бул чыгарма меники, менин энекемдики
угармандыкы, сеники
бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
сөзү менин мекенимдики, сөзү менин энекемдики
бул жашоонун туусу сеники
сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники
сөзү кымбат кыргыз элдики
[verse 3: bayastan]
кыргыз тил, сенин тилиң, менин тилим
эне тилим, жашайт дайым
урпактарга берет билим. (эң туура)
керек тилим, сүйлөгөнгө, маселени чечкенге
маектешип, түшүнүүгө, таарынычты кечкенге
кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,(жок)
эне тилиңде тиричилик орундат
эсиңдеби, эне тилиң колуңда
сүйлөсө дейм кыргызча борборумда
[chorus: begish]
бул чыгарма меники, менин энекемдики
угармандыкы, сеники
бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
сөзү менин мекенимдики, сөзү менин энекемдики
бул жашоонуку, сеники
сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники
сөзү кымбат кыргыз элдики
Random Song Lyrics :
- i wanna get signed - krafty lyrics
- chico science brandão 1966 - estranho lyrics
- vertel me - f1rstman lyrics
- keep everything under your hat - outrageous cherry lyrics
- planned obsolescence - solace zeta lyrics
- barbecue cypher/pvi cypher - ashtin larold lyrics
- final feliç - joan miquel oliver lyrics
- thro ya hands up - san joe lyrics
- if i ever get out of florida - just fern lyrics
- a million stars - karen elson lyrics