сүрөтүңө (surotuno) - аяна касымова (ayana kasymova) lyrics
сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт
сакталуу ошол бойдон менде жүрөт
тиктешиң тамашалап турган өңдүү
неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп
неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп
күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк
сезимге бир башкача ой түшүрөт
өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе
калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп
калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп
өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп
мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп
байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң
башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп
башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп
эгерде бирөө болсо менден бөлөк
же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк
мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес
сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп
сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп
Random Song Lyrics :
- there is something in my heart (ghetto brothers cover) - fur lyrics
- touch grass - nurse joy lyrics
- mənə söz ver - nadir qafarzadə lyrics
- любовь к себе (self-love) - спасибо (spasibo) lyrics
- joy & joy (5th tour 2018 version) - 大原櫻子 (sakurako ohara) lyrics
- bend - wahsan lyrics
- meet me in the shower - kid outcast lyrics
- little fingers - van atta high lyrics
- veneno (hardcore hyperpop version) - alby woolridge lyrics
- asynchronous - deviant process lyrics