lirikcinta.com
a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9 #

адамзат (adamzat) - аяна касымова (ayana kasymova) lyrics

Loading...

ааламды жеке билсе да
алтындан үйгө кирсе да
асманда жылдыз аралап
бакытка тойбойт адамзат

сагынтып дайым турса да
кусалык бакыт сунcа да
жылуулук сезим аралап
сүйүүгө тойбойт адамзат

кылымды кыйла көрсө да
кызыкты өзү бөлсө да
кырчындай жаштан айрылып
өмүргө тойбойт адамзат

жанында өмүр турса да
жалтантып кылыч сунса да
ирмелбей көзү тунса да
үмүткө тойбойт адамзат
бакытка тойбойт адамзат
өмүргө тойбойт адамзат

Random Song Lyrics :

Popular

Loading...