ильхом (inspiration) - 7gen lyrics
бирден, жардырган сайын бир бирден
жарылган жер сахнадай
мени билген адамдар далай
деп кереги не балким алар мактабайт
акыл үйрөткөн жерим жок чоң атадай
куйнп кеткидей сууну сактабайм
урматым менен бирок сени кучактабай
бир күн дем алам бир күнүм өтөт аптадай
эки жактан жаңырып жаткан обондон
тоо ашууга долондон салам узатып узартып
көз айнектей кулак жакка конгом
абдан катуу катуу катуу катуу катуу кааласам
чектен ашпаган башкадан
секиремин өйдө бийик моюнун ооруйт карасан
мени менен салыштырба сынып калат таразан
баарын көрүштүн деле кажети жок!
баарын угуштун деле кажети жок!
чыныгы талантуунун гана эмес эмгекчил адамдардын
дарамети чоң!
мага ильхом келген кезинде түн ортосунда!
обондор менен бирге түн ортосунда!
мени таппай калсан издебе түн ортосунда!
сага жетпейт ильхом биздеги түн ортосунда!
бул обонума бөлүнгөн менин көңүлүмдөн
сага да тең тең жетет бөлүк өмүрүмдүн
сага да тең тең келет төгүлбөгөнүмдүн
ачылышы көрбөгөндү эми көргөнүндө
эгерде мендей болсоң берегирээк бас
маалымат жетпей калса теренирээк кас
болгон аракетти жасап ишенсең утасын
бул оюнда катышуучу көп, жеңуучу аз!
бул биздин хип-хоп үчүн эң жөнөкөй обон
ильхом күчү ар биринерге болом
ойлономун жазамын жана жазам ойлономун
бир кезде ойлорум келет өмуру бойлобогон!
кайдагы сүйүү сезим татаал жашоо
анын баары “калп айтматов” аталган шоу
бизнес инкубатор жалган болсо
бирдей ырдаганы мас, калганы соо!
андай кереги жок бизге, бир топ белгилүү
болбосом деле жан дүйнөм эн тирүү
колдосоң эле ойумду жеткирүү
биринчиде турат дайым айтайын атайын
ырларым ар бирөөнүн кулагына туташпайт
койсоң деле баардык тараптан
турлуу аткаруучулардын аттарына учкашпайт!
тойдон белек андып бараткан!
баарын көрүштүн деле кажети жок!
баарын угуштун деле кажети жок!
чыныгы талантуунун гана эмес эмгекчил адамдардын
дарамети чоң!
мага ильхом келген кезинде түн ортосунда!
обондор менен бирге түн ортосунда!
мени таппай калсан издебе түн ортосунда!
сага жетпейт ильхом биздеги түн ортосунда!
Random Song Lyrics :
- inside your eyes - god-des and she lyrics
- wouldn't it be nice - qu wanting 曲婉婷 lyrics
- nubes en el cielo - latejapride lyrics
- good morning 我的鄉愁 (good morning my nostalgia) - nine chen 陳零九 lyrics
- aft! - ryoma lust lyrics
- radioactive - lundon vogue lyrics
- q - vasco (kor) lyrics
- ensamheten - o.r.o. lyrics
- all in my head - skrub lyrics
- i love you - dominic ferrini lyrics